# 6-берене. Корпорациянын максаты жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 6-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-6

---

1. Корпорация жарандардын маалыматтарды эркин алуудагы конституциялык укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

2. Корпорациясынын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык улуттук телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу; коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого көмөк болуучу маалымат саясатын жүзөгө ашыруу: өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, жарандык тынчтыкты сактоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү; Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана радиоберүү мейкиндигин калыптандыруу жана анын дүйнөлүк маалымат процесстерине кирүүсүн активдештирүү; демократиялык мамлекет катары Кыргызстандын оң абройун калыптандырууга жана колдоого багытталган маркетингдик, маалыматтык жана жарнама саясатын жигердүү жүргүзүү; Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер жөнүндө объективдүү маалыматтарды жайылтуу, расмий билдирүүлөрдү жайылтуу; мамлекеттик бийлик органдарынын иши, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү социалдык-саясый жана башка окуялар жөнүндө керектөөчүлөргө ыкчам маалымдоо; журналистиканын бийик стандарттарын, толеранттуулук стандарттарын камсыз кылуу, ар бир адамдын укугун сыйлоо; балдар жана өспүрүмдөр үчүн тарбиялоочу жана билим берүүчү телерадиопрограммаларды өнүктүрүү; маалыматтык, окуу, аналитикалык, экономикалык, публицистикалык, маданий, көркөм, илимий, агартуучулук, оюн-зоок, спорттук жана башка берүүлөрдү жогорку кесипкөй, көркөмдүк жана техникалык деңгээлде жаратуу жана жайылтуу; айрым мамлекеттик органдарга жана уюмдарга артыкчылыктуу жагдай түзүүдөн качуу менен мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишин бирдей деңгээлде чагылдыруу; калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун ой-пикирлерин эркин билдирүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү; кыргыз адабий тилин, кыргыз маданиятын жана тарыхын окуп үйрөнүүнү өнүктүрүү, чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары жөнүндө маалыматтарды жайылтуу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-7)
