6-берене. Корпорациянын максаты жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 23.10.2024 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33.
1. Корпорация жарандардын маалыматтарды эркин алуудагы конституциялык укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
2. Корпорациясынын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык улуттук телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу; коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого көмөк болуучу маалымат саясатын жүзөгө ашыруу: өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, жарандык тынчтыкты сактоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү; Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана радиоберүү мейкиндигин калыптандыруу жана анын дүйнөлүк маалымат процесстерине кирүүсүн активдештирүү; демократиялык мамлекет катары Кыргызстандын оң абройун калыптандырууга жана колдоого багытталган маркетингдик, маалыматтык жана жарнама саясатын жигердүү жүргүзүү; Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер жөнүндө объективдүү маалыматтарды жайылтуу, расмий билдирүүлөрдү жайылтуу; мамлекеттик бийлик органдарынын иши, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү социалдык-саясый жана башка окуялар жөнүндө керектөөчүлөргө ыкчам маалымдоо; журналистиканын бийик стандарттарын, толеранттуулук стандарттарын камсыз кылуу, ар бир адамдын укугун сыйлоо; балдар жана өспүрүмдөр үчүн тарбиялоочу жана билим берүүчү телерадиопрограммаларды өнүктүрүү; маалыматтык, окуу, аналитикалык, экономикалык, публицистикалык, маданий, көркөм, илимий, агартуучулук, оюн-зоок, спорттук жана башка берүүлөрдү жогорку кесипкөй, көркөмдүк жана техникалык деңгээлде жаратуу жана жайылтуу; айрым мамлекеттик органдарга жана уюмдарга артыкчылыктуу жагдай түзүүдөн качуу менен мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишин бирдей деңгээлде чагылдыруу; калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун ой-пикирлерин эркин билдирүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү; кыргыз адабий тилин, кыргыз маданиятын жана тарыхын окуп үйрөнүүнү өнүктүрүү, чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары жөнүндө маалыматтарды жайылтуу.
Берененин тексти 23.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203513/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>