# 29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 29-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-29

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. "Кыргыз Республикасында Коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 28 Декретине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 25-августундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберуү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык дайындалган Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин жаңы мүчөлөрү шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.

3. Кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө чечим ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

4. Ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

"Кыргыз Республикасында Коомдук тедерадиоберүүнү түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 28 Декрети; "Кыргыз Республикасында Коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 28 Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-августундагы № 122 Декрети; "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/1, 570-ст.).

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-28)
