# 26-берене. Жооп берүү укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 26-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-26

---

1. Корпорация жайылткан программа тарабынан кызыкчылыктарына доо келтирилген ар бир адам жооп берүүгө укуктуу. Жооп талаш фактыларды жокко чыгаруу менен гана чектелет, ал жазуу жүзүндө талашылат, сунушталат жана кызыкдар адам тарабынан кол коюлат. Жооп ошондой эле түз эфирде болушу мүмкүн. Корпорация жоопту акысыз жана тез аранын ичинде билдирүүгө милдеттүү.

2. Корпорация төмөнкү учурларда жооп берүүдөн баш тартууга укуктуу:

эгерде жооп талаш фактыларды жокко чыгаруу менен чектелбесе; эгерде жооп өзүн актабагандай узак болсо; эгерде адам өзүнүн мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушун айкындай албаса; эгерде төгүнгө чыгаруу тууралуу талап талаш маалымат жарыялангандан 2 айдан кийин түшсө.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-27)
