# 22-берене. Корпорациянын редакциялык саясаты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 22-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-22

---

Корпорациянын кызматкерлери өзүнүн чыгармачылык ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле редакциялык саясатты жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ички актыларды жетекчиликке алат. Чыгармачылык кызматкерлер редакциялык саясатта камтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алат, ой-пикирлердин плюрализмдерин чагылдырат жана маалыматтык-жаңылыктык программаларда жекече ой-пикирлерди билдирүүгө жол бербейт. Тактык, аныктык, тең салмактуулук, толук кандуулук жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактыларды жана автордук комментарийлерди так чектөө маалыматты жеткирүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш. Жаратылыш кырсыктарынан жана катастрофалардан жапа чеккендер, кылмыштардын курмандыгы болгон жашы жете элек өспүрүмдөр жөнүндө материалдарда өзгөчө этияттык сакталат; Жеке турмуш, шектүүлөрдү, күнөөлүүлөрдү жана соттолуучуларды жок жерден алып чыкпоо принциби сыйланышы керек, маалымат булактарынын жана жашыруун ысымдардын купуялуулугу корголот.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-23)
