21-берене. Корпорациянын программалык саясаты
Күчүн жоготкон · 23.10.2024 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33.
1. Корпорация Кыргыз Республикасынын бардык калкынын кызыкчылыктары үчүн анын этностук, маданий жактан ар түрдүүлүгүн эсепке алуу менен, өлкөнүн бардык аймактарында маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок берүү программаларынын кеңири спектрин сунуш кылат.
2. Корпорация коомдо орун алган пикирлердин жана көз караштардын бүтүндөй диапазонун чагылдырган, учур талап кылган жана жогорку сапаттуу берүүлөрдү жүзөгө ашырат, калктын кеңири катмарынын маалыматтык кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырат.
3. Корпорация төмөнкүдөй берүүлөрдүн кызматтарын көрсөтөт, алар:
Өкмөттүн, саясый же экономикалык күчтөрдүн контролунда болбойт, ак ниет редакциялык саясатты чагылдырат жана Корпорациясынын көз караштарын же пикирин билдирбейт; өлкөнүн ичиндеги жана анын сыртындагы жалпы кызыкчылыктарды билдирген учурдагы окуялар жөнүндө жаңылыктардын ар тараптуу, объективдүү жана тең салмактуу берүүлөрүн, анын ичинде прайм-таймда, обого чыгарууну көздөйт; негизги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын иштерин жеткиликтүү деңгээлде чагылдырат; өлкөнүн ар кайсы аймактары үчүн кызыгууну жараткан программаларды сунуш кылат; өлкөнүн маданий ар түрдүүлүгүн таануу жана ошол эле учурда чагылдыруу менен улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө көмөктөшөт; бардык этностук топторго жана азчылыктарга, анын ичинде этностук жана башка азчылыктар үчүн атайын берүү кызматтарын түзүү менен алардын тилинде сөз берет; түрдүү аудиторияларга эсептелген кеңири керектөө программаларын жана атайын программаларды билгичтик менен айкалыштырат; билим берүү программаларынын жана балдарга багытталган программалардын зарыл болгон санын обого чыгарат: телерадиоөндүрүштүн өнүгүшүнө мүмкүндүк түзөт жана коомдун ичинде талаш-тартыштардын маалымдуулугуна жана өтүп жаткан окуяларга сын көз менен кароого көмөктөшөт. берүүнүн көлөмүнүн 70 пайыздан кем эмесин ата-мекендик телерадиоберүүлөр менен камсыз кылат, чет элдик өндүрүштүн телерадиоберүүлөрүнүн үлүшү 30 пайыздан ашпоого тийиш, эфир убактысынын 30 пайызын балдар, өспүрүмдөр агартуу жана оюн-зоок программалары менен камсыз кылат. телерадиоберүүлөрдүн бардык көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмесин мамлекеттик тилде болушун жүзөгө ашырат. Программалык саясаттын кошумча эрежелери Кеңеш тарабынан белгилениши мүмкүн.
Берененин тексти 23.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203513/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>