# 19-берене. Корпорациянын башкы директору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2013 года № 90 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Общественной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203898)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513#diff=455240..455241>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 19-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-19

---

1. Башкы директор Корпорациянын аткаруучу органынын атынан чыгат.

2. Башкы директор Корпорацияны башкарат жана анын бардык операцияларынын жана ишинин түрлөрү үчүн жоопкерчиликтүү болот.

3. Башкы директор Кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат жана Кеңешке отчет берет. Эгерде Корпорациянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлердин бири да шайлануу үчүн добуштардын жетиштүү санын албаса, анда жаңы конкурс өткөрүлөт.

3-1. Корпорациянын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат орундарын ээлей албайт. Корпорациянын башкы директору өз милдеттерин аткаруу убагында партиялык уюмдардагы өзүнүн мүчөлүгүн токтотуп турат. 3-2. Корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчет бекитилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директору ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

4. Башкы директордун жана анын орун басарларынын иш милдеттери Корпорациянын уставында так жол-жоболоштурулууга тийиш.

(КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-20)
