# 14-берене. Кеңештин ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 14-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-14

---

1. Кеңеш жылына кеминде 4 жолу чакырылат, ошол эле учурда ар бир жылдын 30-мартынан кечиктирилбестен Кеңештин жылдык жыйналыштары өткөрүлүп, Кеңештин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылат.

2. Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасынын, Корпорациянын башкы директорунун же анын мүчөлөрүнүн курамынын кеминде үчтөн биринин өтүнүчү боюнча чакырылат.

3. Кеңештин жыйналышы, эгерде ага Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, укук ченемдүү. Кворум жок болгондо жыйналыш башка күнгө которулат.

Кеңештин чечимдери, ушул Мыйзамда каралгандарды кошпогон учурларда, Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кеңешти төрага жетектейт, ал Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат.

Кеңештин төрагасынын компетенциясына төмөнкүдөй иш-милдеттер кирет: Кеңештин чогулушунун убактысын, өткөрүлүүчү ордун жана күн тартибин аныктоо; чогулушту анын күн тартибине ылайык даярдоону камсыз кылуу; Кеңештин жыйналыштарына жетекчилик кылуу; өзү жок болгондо Кеңештин мүчөлөрүнүн бирин Кеңештин жыйналышына төрагалык кылууга дайындоо; Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо. Кеңештин төрагасы, эгерде Кеңештин бардык курамынын үчтөн экисинин добушу менен Кеңештин мүчөлөрү ага ишеним көрсөтүшпөсө чакыртылып алынат. Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрү шайлаган катчы тарабынан протоколдонот. Кеңештин катчысынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: жылдык, кезектеги жана кезексиз чогулуштарды чакыруу боюнча бардык уюштуруу ишин жүргүзүү, жыйналыштар үчүн зарыл материалдарды жана Кеңештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылаштыруу; жыйналыштар, күн тартиби, өткөрүлүүчү убактысы жана орду жөнүндө жылдык жана кезектеги жыйналышты өткөрүүгө чейин кеминде 30 күн мурда жана кезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин кеминде 10 күн мурда Кеңештин мүчөлөрүнө билдирүү түрүндө кабарлоо; Кеңештин иш кагаздарын жүргүзүү.

5. Корпорациянын башкы директору Кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүү добушу менен катышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-15)
