# 13-берене. Кеңештин мүчөлөрүн шайлоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2013 года № 90 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Общественной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203898)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513#diff=455240..455241>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 13-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-13

---

1. Кеңештин мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлер билим берүү, илимий, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлөт.

Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билими жана массалык-маалымат каражаттарында, бейөкмөт уюмдарда, чыгармачыл союздарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам болушу зарыл.

2. Төмөндөгүлөр Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт:

мамлекеттик кызматта турган адамдар; расмий кызмат ордун ээлеген же саясый партиянын штатында турган адамдар; Корпорациянын же башка берүүлөрдүн кызматкерлери; ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарында шайлануу жолу менен кызмат ордун ээлеген адамдар; берүү же телекоммуникация чөйрөсүндө кызматта турган, ушул тармактан эмгек акы алган же аларга карата тикелей жана кыйыр финансылык кызыкчылыктары бар адамдар.

3. Президент Жогорку Кеңешке 10 талапкерди сунуш кылат. Жогорку Кеңеш рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет.

Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет. Жарандык коом (окуу жана илимий мекемелер, чыгармачыл союздар, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар) өзүнүн сунушун жазуу жүзүндө Жогорку Кеңештин профилдик комитетине киргизет. Комитет сунушталган талапкерлердин арасынан жогоруда аталган критерийлер боюнча тандоо жолу менен 10 талапкерди тандап алат, алардын ичинен Жогорку Кеңеш рейтингдик добуш берүү жолу менен 5 талапкерди бекитет. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү Жогорку Кеңеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

4. Добуш берүүнү даярдоону жалпыга маалымдоо каражаттары компетенциясына кирген Жогорку Кеңештин профилдик комитети жүзөгө ашырат.

Талапкерди көрсөтүү жана аларды бекитүү ачык өтөт. Комитет талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт жана аларга талкуу ачык жыйналышта жүргүзүлөт. (КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-14)
