# 12-берене. Корпорациянын Байкоочу кеңеши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 12-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-12

---

1. Корпорациянын Байкоочу кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Корпорациянын жогорку башкаруу органы болуп саналат.

2. Кеңеш 15 мүчөдөн турган, 5 жылга шайланган коллегиалдык орган болуп саналат. Партиянын лидерлери, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары же мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт.

Кеңештин курамы Жогорку Кеңеш тарабынан 5 жылга бекитилет жана төмөнкүдөй түзүлөт: Президенттен - 5 мүчө; Жогорку Кеңештен - 5 мүчө; жарандык коомдон - 5 мүчө.

3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

Кеңештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда өздөрүнүн саясий ишин жана саясий уюмдардагы мүчөлүгүн токтото турушат.

4. Кеңештин мүчөлөрү алар шайланган мөөнөт аяктаганда өз ыйгарым укуктарын токтотушат.

Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: жеке өтүнүчү боюнча; каза болгондо же Кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген ооруга чалдыкканда; Кеңештин жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз катары менен 2 жолу катышпаган учурда; Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарын бузганда жана соттун өкүмү күчүнө киргенде. Жогоруда каралган учурларда Кеңештин мүчөлөрүн чакыртып алуу жана жаңы өкүлдөрүн дайындоо ошол талапкерди көрсөткөн тарап тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Кеңештин мүчөлөрү Корпорация менен иштиктүү мамиледе боло алышпайт.

Кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин акысыз аткарышат. Кеңештин мүчөлөрүнө алардын кызматтык милдеттерди аткарып жаткандыгына байланыштуу келтирилген чыгымдар, анын ичинде транспорттук жана суткалык чыгымдар кайтарылып берилет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-13)
