# 10-берене. Демөөрчүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 10-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-10

---

1. Корпорациянын телерадиоберүүлөрүнө карата демөөрчүлүк иштер төмөнкү шарттарга жана талаптарга жооп берүүгө тийиш:

демөөрчүлүк программалардын мазмунуна жана иш тартибине эч кандай таасир тийгизбеши керек: башында жана (же) аягында, ошондой эле жарнактык тыныгууга чейин жана (же) кийин гана берилүүчү демөөрчүлүк жөнүндөгү маалымат (аталышы же аты, эмблемасы, соода-сатык же фирмалык маркасы) демөөрлөнгөн телерадиоберүүдө так жана түшүнүктүү болууга тийиш; демөөрлөнгөн телерадиоберүүлөр демөөрчүнүн же үчүнчү жактын сатууларын, сатып алууларын же товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ижарага алуу, атап айтканда бул товарлар же кызматтар тууралуу эскертүү аркылуу кубаттоого алынбашы керек.

2. Телерадиоберүү жагындагы кайрымдуулук иштер жана меценаттык "Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Кайрымдуулук кылуучулар тарабынан өндүрүлгөн товарлар, иштер жана кызматтар жөнүндө маалыматтар чагылдыруучулар тарабынан жайылтылууга жол берилбейт.

3. Маалыматтык, саясый жана диний телерадиоберүүлөргө карата кайрымдуулук, меценаттык жана демөөрчүлүк иштерге тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган өндүрүп чыгаруучулардын иш аракетинин негизги түрү болуп эсептелген товарлардын өндүрүшүнө, иштерге жана кызматтарга, жарнактарга демөөрчүлүктү ишке ашырууга тыюу салынат. Шайлоо процессинин учурунда демөөрчүлүк Кыргыз Республикасындагы мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-11)
