# КР 2011-жылдын 21-декабрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 21-декабрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 246
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4521/edition/855811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 21-декабрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203512

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 21-декабры № 246 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203512/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 204-статьяда: 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын: "3) адамдардын тобу;

4) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу;

5) өзгөчө ири өлчөмдө, -";

эскертүүдө:

- "ири өлчөмдө" деген сөздөрдөн кийин "өзгөчө ири өлчөмдө - он миң эселенген өлчөмүнөн ашса" деген сөздөр менен толукталсын.

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгер анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы жагынан жол-жоболоштуруу менен айыптарды жана туумдарды кошкондо, тийиштүү бажы төлөмдөрүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203512/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
