# 1-берене

- Документ: ["Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203507)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 21-декабрындагы № 243 ""Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203507/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4518/edition/455231/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203507/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (21.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203507/st-1

---

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кыл жөндөмөлөрдөгү жана сандык түрдөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрдө "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 2-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушуна, жүзөгө ашырылышына жана токтолушуна байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.".

3. 12-статьянын 1-бөлүгүндө "пункттарында" деген сөз "бөлүктөрүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203507/st-2)
