1-берене
Күчүндө · 21.12.2011 редакциясы
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кыл жөндөмөлөрдөгү жана сандык түрдөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрдө "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 2-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушуна, жүзөгө ашырылышына жана токтолушуна байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.".
3. 12-статьянын 1-бөлүгүндө "пункттарында" деген сөз "бөлүктөрүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 21.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203507/st-1" title="1-берене - "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>