# 464-статья. Долбоорду таркатуу, пайдалануу жана анын авторунун

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203504)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 240
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203504/st-464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4515/edition/455225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203504/st-464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 464-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203504/st-464

---

уруксатысыз долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү

Долбоорду таркатуу, пайдалануу жана анын авторунун уруксатын албай долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү - эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

15. 465-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

16. 466 жана 467-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"466-статья. Объекттерди курууга техникалык жана мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин бузуу

Курууга техникалык жана мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин бузуу, ошого тете ченемдерди бузуу менен аткарылган жумуштарга оң баа берүү, - табылган бузууларды четтеткенге чейин курулушту токтото туруу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203504/st-1)  
Кийинки берене: [467-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203504/st-467)
