# КР 2011-жылдын 16-декабрындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 16-декабрындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4514/edition/455223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 16-декабрындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203503

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 16-декабры № 239

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203503/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 186-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "экиден беш" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "бештен он" деген сөздөр "ондон он беш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 193-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген жайыттарды жана чөп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузуу,- жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына - бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203503/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
