# КР 2011-жылдын 16-декабрындагы № 238 "7-апрель - Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 16-декабрындагы № 238 "7-апрель - Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4513/edition/705887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 16-декабрындагы № 238 "7-апрель - Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" Мыйзамы (06.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203502

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 16-декабры № 238 7-апрель - Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө (КР 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203502/st-1)

Өз Ата Мекени алдында жогорку патриоттук аң-сезимди, берилгендикти калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти тарбиялоо, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларды Кыргыз Республикасынын элинин эсинде түбөлүк калтыруу максатында ушул күн жыл сайын Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленсин. (КР 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203502/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде апрель революциясынын күнү жөнүндө экспонаттарды жайгаштыруу менен туруктуу экспозиция уюштуруу боюнча чараларды көрсүн.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203502/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
