# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203477)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 12-декабрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203477/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4508/edition/455213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203477/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203477/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 22-статьянын биринчи бөлүгү "өрткө каршы кызматынын" деген сөздөрдөн кийин ", баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 191-статьянын экинчи абзацында "бирге" деген сөз "бештен жыйырмага" деген сөздөр менен, "экиден бешке чейинки" деген сөздөр "ондон жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 508-статьянын 1-бөлүгүндө "91-1" санынан кийин "91-2" саны менен толукталсын.

4. Төмөнкүдөй мазмундагы 511-1-статья менен толукталсын:

"511-1-статья. Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган

Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 91-3-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза-чараларды салууга баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынын баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги жана баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыктарынын начальниктери укуктуу.".

5. 564-статьяда:

1-пункту "аңчылык эрежелерин бузганда" деген сөздөрдөн кийин ", сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө -" деген сөздөр менен толукталсын. төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын: "8-1) сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө - баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары;".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203477/st-2)
