Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 09.12.2011 редакциясы
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 6-статьяда:
1-бөлүгүндө "адам укугу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укугу боюнча эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 13-статьяда:
5-пунктунда "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын: 6-пунктунда "ички иштер органдарына" деген сөздөр "жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 15-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандарды каттоого алуу органы болуп саналат. Жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жок болгон калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каттоого алуучу орган болуп саналат.".
6. 22-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине" деген сөздөр "жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 24-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Калктын реестринин маалыматтарын актуалдаштыруу жеке маалыматтарга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү (оңдоолорду, толуктоолорду) үзгүлтүксүз киргизүүдө турат:
1) жарандардын жүйөлүү арыздары боюнча;
2) жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан - туулгандыгы, никеге тургандыгы, ажырашкандыгы; фамилиясы жана (же) аты өзгөртүлгөндүгү; аталыгы, уул (кыз) кылып багып алганы аныктагандыгы; өлгөндүгү. ошондой эле жарандык абалдын актысына оңдоо, толуктоо киргизилгендиги, калыбына келтирүү, кайра каттоо же жокко чыгаруу жүргүзүлгөндүгү; жарандын ата-энелик укугунан ажыратылгандыгы; жеке идентификацияланган маалыматтары, үй-бүлөлүк абалы өзгөртүлгөндүгү; туугандык байланыштары жүргүзүлгөндүгү же бузулгандыгы; жарандарга документтер берилгендиги, жашаган жери же турган жери катталгандыгы, жарандуулугу жана улуту өзгөртүлгөндүгү катталганда;
3) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан - чет өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн жарандар катталганда;
4) коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан - аскерге милдеттүүлөр катталганда;
5) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан - окуу жайга киргендер жана окуусун бүткөндөр (токтоткондор) катталганда;
6) эмгек, ишке орноштуруу, миграция, пенсиялык жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан - жарандын социалдык-экономикалык абалы (ишинин түрү, жумушсуздук статусу, пенсияларды жана башка социалдык жөлөкпулдарды дайындоо) өзгөртүлгөндө;
7) иш берүүчүлөр жана башка мекемелер тарабынан - ишке (эмгек контрагын түзүү) кабыл алынганда же иштен (эмгек контрагын токтотуу) бошотулганда.
Калктын реестриндеги өзгөрүүлөр хронологиялык ыраатты сактоо менен киргизилүүгө тийиш.".
8. 33-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр "өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 37-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр "коргоо, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 48-берененин 1-пунктунун биринчи абзацында "жана башка" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 09.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203476/st-1" title="1-берене - "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>