# 14-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын Кыргыз Республикасынын

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203469)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 ""Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203469/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4500/edition/1176538/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203469/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 14-берене (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203469/st-14

---

укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү

Улуттук коопсуздук органдары укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган, ошондой эле аларга ылайык улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тиешелүү ведомствонун актыларында кабыл алынган тартипте өз ара аракеттенет.".

9. 15-статьяда:

4-пункттагы "башка эл чарба объекттеринин" деген сөздөр "стратегиялык объекттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пункттагы "Маанилүү эл чарба" деген сөздөр "Стратегиялык объекттерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10. 16-статьяда:

8-пунктта "жана башка борбордук жана мамлекеттик органдардын" деген сөздөр ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарга тыюу салууда жана кылмышка шектүү адамдардын артынан түшүүдө кечеңдетүү граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган учурларда граждандарга таандык турак жайларга жана башка аймактарга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын орун жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө. Көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат.".

11. 17-статьяда:

2-бөлүктө "Президенти " деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын; 4-бөлүктө "мыйзамдык" деген сөз "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин айрым категориясынын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аларга ылайык чыгарылуучу актылары менен аныкталат.".

12. 23-статьянын 4-бөлүгүндө "жана маанилүү эл чарба объекттеринде" деген сөздөр "жана стратегиялык объекттерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

13. 28-статьяда "Кыргыз Республикасынын Генеральный Прокурору жана ал полномочие берген прокурорлор" деген сөздөр "прокуратура органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203469/st-13)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203469/st-2)
