14-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын Кыргыз Республикасынын
Күчүн жоготкон · 05.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июля 2022 года № 57.
укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү
Улуттук коопсуздук органдары укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган, ошондой эле аларга ылайык улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тиешелүү ведомствонун актыларында кабыл алынган тартипте өз ара аракеттенет.".
9. 15-статьяда:
4-пункттагы "башка эл чарба объекттеринин" деген сөздөр "стратегиялык объекттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пункттагы "Маанилүү эл чарба" деген сөздөр "Стратегиялык объекттерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10. 16-статьяда:
8-пунктта "жана башка борбордук жана мамлекеттик органдардын" деген сөздөр ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарга тыюу салууда жана кылмышка шектүү адамдардын артынан түшүүдө кечеңдетүү граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган учурларда граждандарга таандык турак жайларга жана башка аймактарга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын орун жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө. Көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат.".
11. 17-статьяда:
2-бөлүктө "Президенти " деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын; 4-бөлүктө "мыйзамдык" деген сөз "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин айрым категориясынын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аларга ылайык чыгарылуучу актылары менен аныкталат.".
12. 23-статьянын 4-бөлүгүндө "жана маанилүү эл чарба объекттеринде" деген сөздөр "жана стратегиялык объекттерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 28-статьяда "Кыргыз Республикасынын Генеральный Прокурору жана ал полномочие берген прокурорлор" деген сөздөр "прокуратура органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 05.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203469/st-14" title="14-берене - "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>