1-берене
Күчүн жоготкон · 05.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июля 2022 года № 57.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кыл жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы", "Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин укуктук негизи
Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер түзөт.".
3. 4-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Улуттук коопсуздук органдары өз иш-аракетин жүзөгө ашырууда адамдын жана граждандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого милдеттүү. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында адамдын жана граждандын укуктары жана эркиндиктери убактылуу чектелиши мүмкүн. Чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде болушу керек. Ушул Мыйзам менен дагы башка максаттарда укуктарга жана эркиндиктерге чектөөлөр жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан ашык даражада белгилениши мүмкүн эмес".
4. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тутуму
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары жана аларга баш ийүүчү шаардык башкармалыктар, райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр), мамлекеттик күзөт органы, ошондой эле аскердик контр чалгындоо органдары. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жобосу жана башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдарынын ишмердигин координациялоо үчүн улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Антитеррористтик борбор түзүлөт. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Антитеррористтик борборунун жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
5. 9-статьяда:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9-берене. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган"; 1-бөлүктөгү "борбордук" деген сөз алып салынсын.
6. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Аймактык улуттук коопсуздук органдары
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары Кыргыз Республикасынын өздөрүнө тиешелүү областтарда, Бишкек ш. улуттук коопсуздукту камсыз кылуу иштерин жүргүзүшөт, карамагындагы шаардык, райондук бөлүмдөрдүн (бөлүмчөлөрдүн) иш-аракетин уюштурушат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларын өздөрү иштеген аймактагы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматтар менен камсыз кылып турушат. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары жана аларга баш ийүүчү шаардык, райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр) ыкчам-кызматтык иш-аракеттеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына көз каранды эмес".
7. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Аскердик каршы чалгын органдары
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик каршы чалгын органдары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскердик түзүлүштөрдү жана аскердик объекттерди каршы чалгындоону камсыз кылуу үчүн түзүлөт.".
8. 12-14-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин уюштуруу
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын кызмат ордуна улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдар дайындалат. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Коллегия түзүлөт. Төрага жана анын орун басарлары кызмат орду боюнча коллегия мүчөлөрү болуп саналышат. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 05.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 57
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203469/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>