# 8-берене. Бейтаптардын медициналык нурлануусунда радиациялык

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 8-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-8

---

коопсуздукту камсыз кылуу критерийлери

1. Дени сак адамдарды алдын ала медициналык рентгендик изилдөөлөрдөн жана илимий изилдөөлөрдөн өткөрүүдө бул адамдардын өткөрүлүп жаткан изилдөөлөрдүн эсебинен нурлануусунун жылдык натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашпоосу тийиш. Жылдык алдын ала нурлануунун белгиленген ченеми, кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылган же чоң доза түзүүчү усулдарды аргасыз пайдаланууну талап кылган жагымсыз эпидемиологиялык шарттарда гана жогорулашы мүмкүн.

2. Бейтаптын медициналык диагностук нурлануусу 0,5 мЗв жыйналган натыйжалуу дозасына жеткенде, эгерде нурлануу жол-жобосу жашоо көрсөткүчтөрүнөн улам талап кылынбаса, анын андан ары нурлантууну чектөө чаралары көрүлүшү керек.

3. Рентгенорадиологиялык жол-жоболору аткарууда бейтаптарга (ооруусу оорлорго, балдарга) жардам көрсөткөн адамдардын (нур диагностикасы бөлүмүнүн кызматкерлери болуп саналбаган) жылдык нурлануусунун натыйжалуу дозасы 5 мЗв ашпоосу тийиш.

4. Диагностика же дарылоо максаттарында радиофармацевтикалык дары-дармектер берилген бейтапти радиологиялык бөлүмдөн чыгарганда гамма-нурунун дозасынын кубаттуулугу бул дары-дармектердин бейтаптын денесинен 1 м аралыкта 3 мкЗв/с ашпоосу тийиш.

5. Нурлануу булактарын медициналык максаттарда колдонууда бейтаптердин нурлануусунун дозасын контролдоо милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-9)
