# 30-берене. Мамлекеттик көзөмөлгө алуу

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 30-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-30

---

1. Техникалык жөнгө салуу объекттеринин радиациялык коопсуздуктун белгиленген талаптарына ылайыктуулугун баалоо, ушул Техникалык регламенттин талаптарынын бузулушун алдын алуу, табуу жана болтурбоо мамлекеттик көзөмөлгө алуунун максаты болуп саналат.

2. Мамлекеттик көзөмөлгө алуу курчап турган чөйрөнү коргоо, өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген реестрге ылайык уруксат берүүчү документтерди берүү менен иондуу нурлануунун булактарын колдонуучу объекттерде, жайгаштыруу, эксплуатациялоо, сактоо, ташып жеткирүү, утилдештирүү, көмүү баскычтарында жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-31)
