# 28-берене. Радиациялык коопсуздуктун абалын баалоо жана иондуу

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 28-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-28

---

нурлануу булактарын колдонуучу уюмдарды рентгендик-радиологиялык паспорттоштуруу

1. Уюмдагы радиациялык коопсуздуктун абалы төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча бааланууга тийиш:

- персоналдын нурлануу дозалары;

- нурлануунун белгиленген дозаларынын чектеринен ашыкча нурланууга кабылган адамдардын саны;

- радиациялык авариялардын кесепетинен нурдан жабыркаган адамдардын саны;

- мүмкүн болуучу радиациялык кырсыктарды жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдыктын даражасы;

- курчап турган чөйрөнүн радиациялык булганышынын мүнөздөмөсү;

- радиациялык коопсуздукту жана тийиштүү ченемдерди жана эрежелерди сактоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды талдоо.

2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы радиациялык коопсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо үчүн ар жыл сайын уюмдарды радиациялык-гигиеналык паспорттоштуруу жүргүзүлөт.

3. Уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспорттору ушул Техникалык регламентке ылайык милдеттүү түрдө эсепке жана контролго алынууга тийиш болгон техногендик иондуу нурлануу булактарын колдонуучу бардык уюмдар тарабынан ар жыл сайын толтурулат.

4. Уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспортторунда келтирилген маалыматтарды талдоону, аларды мурдагы жылдардагы, ошондой эле көрсөткүчтөргө жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына салыштыруу жолу менен жүргүзүү керек.

Уюмдардын толтурулган радиациялык-гигиеналык паспорттору корутунду чыгаруу үчүн саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет.

5. Саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы радиациялык-гигиеналык паспорттоштуруунун алкагында алынган маалыматтарды ар жыл сайын жалпылайт.

Радиациялык-гигиеналык паспорттордун тариздери 2-тиркемеде көрсөтүлгөн.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-29)
