# 21-берене. Радиациялык объекттерди эксплуатациялоодон чыгаруу

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 21-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-21

---

1. Радиациялык объекттерди эксплуатациялоонун мөөнөтүн узартуу же эксплуатациялоодон чыгаруу жөнүндө чечим, ошондой эле чечимдин вариантын тандоо курамында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлдөрү, иондуу нурлануунун булагын пайдалануучу уюмдун өкүлдөрү, ал эми зарыл болгондо жана даярдоочу ишкананын өкүлдөрү кирген комиссия объекттин технологиялык системасынын жана жабдууларынын, курулуштук конструкцияларынын жана чектеш аймактын радиациялык жана техникалык абалын комплекстүү изилдеп чыккандан кийин кабыл алынат. Комиссиянын корутундусунда радиациялык объектти андан ары пайдалануунун мүмкүнчүлүгү, шарттары жана мөөнөтү аныкталат.

2. I категориядагы радиациялык объекттерде дайындалган эксплуатациялоо белгиленген мөөнөтү бүтөөрдөн 5 жыл калгандан кечиктирилбестен, II категориядагы объекттерде 3 жыл калгандан кечиктирилбестен, III категориядагы объекттерде I жыл калгандан кечиктирилбестен бүтүндөй объектти же анын айрым бөлүгүн эксплуатациялоодон чыгаруу боюнча жумуштардын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган программасы иштелип чыгышы керек.

Радиациялык объектти эксплуатациялоодон чыгаруу боюнча жумуштардын программасында объекттин комплекстүү инженердик жана технологиялык жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын эксплуатациялоодон чыгаруунун варианттары жана мөөнөттөрү аныкталуусу тийиш.

3. Радиациялык объектти эксплуатациядоодон чыгаруу программасында аны эксплуатациялоодон чыгаруунун ар кыл баскычтарында: токтотууда, консервациялоодо, ажыратууда, профилин өзгөртүүдө, жоюуда жана көмүүдө, оңдоо жумуштарын жүргүзүүдө жана объекттин аймагын реабилитациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар каралышы керек.

4. Радиациялык объектти эксплуатациялоодон чыгаруунун программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- ажыратуу жумуштарын жүргүзүү үчүн зарыл жабдууларды даярдоону;

- ажыратылган жабдууларды дезактивизациялоо усулдарын жана каражаттарын;

- радиоактивдүү калдыктарды утилдештирүү тартибин;

- объекттин аймагын реабилитациялоо, анын ичинде жерлерди рекультивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн түрлөрүн, көлөмдөрүн жана тартибин;

- объектти эксплуатациялоодон чыгаруу мезгилинде жана зарыл болгондо, аны аяктагандан кийин радиациялык контролдоо программасын.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-22)
