# 20-берене. Кырсыкка каршы пландоо

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 20-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-20

---

1. Техногендик булак үчүн кырсыкка каршы пландоо персоналды жана калкты коргоо үчүн кырсыкты жеңилдетүү жана жоюу боюнча зарыл техникалык жана уюштуруучулук чаралардын комплексин аныктайт.

2. Техногендик булакты эксплуатациялоого киргизгенге чейин объектте кырсык болгон учурда персоналды жана калкты коргоо боюнча кырсыктардын радиациялык кесепеттерин эсепке алган иш-чаралардын пландары иштелип чыгылышы жана аткарууга даяр болуусу тийиш. Пландар техногендик булактардын долбоордук мүнөздөмөлөрүнүн жана мүнөздөгүчтөрүнүн персоналды жана калкты коргоо боюнча чаралар жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн критерийлердин негизинде, анын потенциалдуу коркунучтуулук категориясын, экономикалык, табигый жана башка мүнөздөмөлөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.

3. Техногендик булакта кырсык болгон учурда персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын пландары эксплуатациялоочу уюм (объекттин менчик ээси) тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыч Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана объекттин потенциалдуу коркунучтуулук категориясына жараша коргоо иш-чараларын пландоо аянтынын жана чөлкөмүнүн чегиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылуусу керек. Дайым даярдыкта болуу жана планды ишке ашыруу иондуу нурлануу булагы балансында турган жеке жана юридикалык жактарга жүктөлөт.

4. Персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын пландарында кырсыкка даярдыктын деңгээли жана кийлигишүүнүн деңгээлдери белгилениши, кырсык тууралуу жана бул пландарды ишке ашыруунун башталышы жөнүндө маалымдоонун тартиби аныкталышы керек. Иш-чаралардын планында персоналды жана калкты коргоо үчүн зарыл жабдуулар жана техникалык каражаттар аныкталышы керек.

5. Персоналды кырсыктык кырдаалдарда иштөөгө даярдоо үчүн мезгил-мезгили менен кырсыкка каршы машыгуулар өткөрүлүп туруусу тийиш.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-21)
