# 19-берене. Иондуу нурлануу булактарын жана радиоактивдүү

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 19-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-19

---

материалдарды эсепке алуу жана контролдоо

1. Иондуу нурлануу булактарын урунууда алардын эсебин алуу жана контролдоо жүзөгө ашырылышы керек.

2. Иондуу нурлануу булактарын, анын ичинде стандарттык жана контролдук эталондорун, радиактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

3. Иондуу нурлануу булактарын бир жактан экинчисине өткөрүп берүүгө саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен гана жол берилет. Иондуу нурлануу булактарын алган ишкана 10 күндүк мөөнөттө саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына иондуу нурлануу булактарын алганы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

4. Ишкананын администрациясы иондуу нурлануу булактарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана сактоонун жана пайдалануунун зарыл шарттарын камсыз кылууга тийиш.

5. Келип түшкөн бардык радиоактивдүү заттар кириш-чыгыш журналында катталат, ал эми коштоочу документтери кириштөө үчүн бухгалтерияга берилет.

6. Ишкананын жетекчиси тарабынан дайындалуучу комиссия жыл сайын иондуу нурлануу булактарын инвентаризациялоону жүргүзөт. Алардын жоголгону аныкталган учурда жогору турган уюмга, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына кабарлайт.

7. Иондуу нурлануу булактары атайын бөлүнгөн жерлерде же сактагычтарда сакталышы керек.

8. Иондуу нурлануунун бардык булактары Иондуу нурлануу булактарынын улуттук регистрине киргизилиши керек, аны алып баруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-20)
