# 15-берене. Иондуу нурлануу булактарын урунууда сапатты камсыз

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 15-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-15

---

кылуу

1. Техногендик булактардын иштөө циклинин бардык этаптарында коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптерин жана критерийлерин ишке ашырууга багытталган сапатты башкаруу боюнча иштер пландаштырылышы, системалуу жүзөгө ашырылышы, талдоого алынышы жана баа берилиши керек.

2. Сапатты башкаруу боюнча иштер белгиленгендей жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуусу, ал эми алардын натыйжалары техногендик булактын иштөөсүнүн бардык этаптарынын, циклинин аны жайгаштырууну, долбоорлоону, курууну, эксплуатациялоого берүүнү, эксплуатациялоону, эксплуатациядоодон чыгарууну, ошондой эле ал үчүн радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү калдыктарды урунууда коопсуздук үчүн маанилүү системаларды (элементтерди) жана жабдууларды конструкциялоону жана жасоону кошо алганда, техногендик булактын иштөөсүнүн бардык этаптарындагы ага карата коюлган талаптарды канааттандыруусу тийиш. Бул иштин натыйжасында жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө табылган жаңылыштыктар оңдолууга жана мындан ары жаңылыштыктарды кайталоону жокко чыгаруу боюнча иш-чаралар кабыл алынууга тийиш.

3. Техногендик булактарды урунууда сапаттуу башкаруу боюнча иштер сертификаты бар болсо, эксплуатациялоочу уюм үчүн жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүлөрдү аткаруучу эксплуатациялоочу уюмдун жана уюмдардын сапат системасынын алкактарында жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Техногендик булактардын иштөө циклинин бардык баскычтарында сапатты башкаруу боюнча иштер сапатты камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын жыйындысын белгилөө сапатты камсыз кылуу программалары менен регламенттелүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-16)
