# 13-берене. Радиациялык кырсыктардын алдын алуу жана аларды жоюуга даярдыкты камсыз кылуу

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 13-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-13

---

1. Радиациялык кырсыкта калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын системасы кырсыктын терс кесепеттерин минимумга жеткирүүнү, барыдан мурда - детерминирленген натыйжалардын пайда болушун болтурбоону жана стохастикалык натыйжалардын ыктымалдуулугун минималдаштырууну камсыз кылууга тийиш.

2. Ар бир радиациялык объекттин долбоордук документтеринде жабдуунун бузуктугунун, персоналдын туура эмес аракеттеринен, табигый кырсыктардын кесепетинен же иондуу нурлануу булактарынын үстүнөн көзөмөлдү жоготууга жана адамдардын нурлануусуна жана (же) курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышына алып келиши мүмкүн болгон башка себептерден улам келип чыгышы мүмкүн болгон кырсыктар аныкталуусу керек.

3. I-II категориялардагы радиациялык объекттердин долбоордук документтеринде радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарынын, медициналык дары-дармектердин радиациялык контроль үчүн приборлордун, кырсыктык запастын, дезактивизациялоо жана санитардык иштетүүнүн каражаттарынын, аспаптардын жана шаймандардын номенклатурасы, көлөмү жана сакталуучу жерлери кирген "Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чаралары. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чаралар" бөлүмү болууга тийиш.

4. I-II категориядагы радиациялык объекттердин администрациялары жергиликтүү өч алдынча башкаруу органдары, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү контролго алууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары радиациялык кырсык учурунда персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана макулдашууга милдеттүү.

5. Бардык радиациялык объекттерде "Кырсыктык кырдаалдардагы персоналдардын иш аракеттери боюнча нускама" болушу керек.

6. Радиациялык кырсык болушу мүмкүн болгон ар бир уюмда пайда болгон кырсык жөнүндө шашылыш кабарландыруу системасы караштырылышы керек, анын сигналдары боюнча персонал радиациялык кырсыкты жоюу иш-чараларынын планына жана кызматтык нускамаларга ылайык аракеттенүүлөрү тийиш.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-14)
