# 11-берене. Алардын потенциалдык радиациялык коркунучтуулугу боюнча объекттердин классификациясы

- Документ: [Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203468)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4499/edition/455211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203468/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент, 11-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-11

---

1. Радиациялык объекттин потенциалдуу коркунучтуулугу анын радиациялык кырсыкта калкка жана персоналга мүмкүн болуучу радиациялык таасири менен аныкталат.

Ишинин натыйжасында кырсык учурунда объекттин кызматкерлерин гана эмес, калктын да нурлануусу мүмкүн болгон радиациялык объекттер түбөлүгү кыйла коркунучтуу объекттер болуп саналат. Персоналга тиешеси болбогон адамдардын нурлануу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган объекттер кыйла коркунучсуз болуп саналат.

2. Потенциалдык радиациялык коркунучтуулугу боюнча объекттердин төрт категориясы белгиленет:

- I категорияга кырсык болгон учурда калкка алардын радиациялык таасири тийиши жана андан коргонуу чараларын талап кылышы мүмкүн болгон радиациялык объекттер кирет;

- II категориядагы объекттерде кырсыкта радиациялык таасир санитардык-коргоо чөлкөмүнүн аймагы менен чектелет;

- III категорияга кырсыкта радиациялык таасири техногендик объекттин аймагы менен чектелген объекттер кирет;

- IV категорияга кырсыкта радиациялык таасири нурлануу булактары менен иш жүргүзүлгөн жайлар менен чектелген объекттер кирет.

3. Радиациялык объекттердин категориясы аларды долбоорлоо баскычында Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча белгиленүүсү керек.

4. Эгерде аянтта бир нече радиациялык объекттер жайгашкан учурда, түбөлүгү радиациялык коркунуч категориясы категориялардын эң жогоркусуна ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203468/st-12)
