# 11-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары

- Документ: ["Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203467)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 ""Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203467/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4498/edition/392881/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203467/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 11-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203467/st-11

---

Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана өнүгөт. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, караштуулугунда улуттук коопсуздук маселелери болгон ыйгарым укуктуу органды, ички иштер, бажы иши, салык кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарын, ошондой эле өздөрүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдарды;

- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу кызматтарын, жарандык коргоо бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн, ички аскерлерди;

- өнөр жайында, энергетикада, транспортто жана айыл чарбасында иштердин коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылган органдарды.

Өзүнүн ишинде атайын күчтөрдү жана каражаттарды колдонушкан караштуулугунда улуттук коопсуздук маселелери болгон ыйгарым укуктуу орган, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик бийликтин башка органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана аракеттенишет.».

6. III бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.

7. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«20-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууну контролдоо

Жарандар, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.».

8. 21-статьяда «Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор жүзөгө ашырат» деген сөздөр «прокуратура органдары жүзөгө ашырат» деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203467/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203467/st-2)
