# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203461)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 221 ""Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 221
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203461/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4497/edition/611329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203461/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу, 1-берене (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203461/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жыл, 5-июль, № 54) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 58-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Шайланган Президент шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстан элине төмөнкүдөй мазмундагы ант берет: "Мен ..., Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант беремин.". Ант Президент тарабынан мамлекеттик тилде берилет. Президенттин ант берүү аземи республикалык телекөрсөтүү жана радио боюнча алып берилет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203461/st-2)
