КР «»Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-20.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 25-ноябры № 220
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 22-июлу, № 59) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-берене. Акимдин кызмат ордуна дайындоо тартиби
1. Жогорку билими бар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын аракетке жарамдуу жараны аким боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынбаган Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт.
2. Аким Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн талапкерлердин (3төн кем эмес) ичинен райондук кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат.
Райондук кеңеш Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан тиешелүү сунуштамалар киргизилген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде сунушталган талапкерлердин бирин тандап алат жана акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизет.
3. Эгерде ага тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмеси катышса, акимдин кызмат ордуна дайындоого сунуштоо үчүн талапкерлерди тандап алуу боюнча жергиликтүү кеңештин жыйналышы болуп өттү деп эсептелет. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалып алынды деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын алалбаса, добуштардын эң көп санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер экинчи турда тандалып алынган болуп эсептелет.
4. Акимдин кызмат ордуна дайындоо сунуштоо үчүн талапкерлерди тандап алуу райондук кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Талапкерлерди тандап алууну жүргүзүүнүн ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби райондук кеңештин регламенти менен аныкталат.
5. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча тиешелүү сунуш киргизбеген учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 жумушчу күндүн ичинде райондук кеңешке жаңы талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылат.
6. Ушул беренеде белгиленген тартипте аким дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимдин милдетин аткаруучуну дайындоого укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон