# 1-берене

- Документ: ["Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203459)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219 ""Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203459/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4495/edition/489918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203459/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (18.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203459/st-1

---

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-статьянын үчүнчү абзацындагы "дене боюндагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 5-статьянын бешинчи абзацындагы "дене тарбия жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды (майыптарды)" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 19-статьяда:

аталышында жана 1-бөлүктө "Дене тарбия жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (майыптардын)" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын. статья төмөндөгүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын: "Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылат.".

4. 36-статьянын 3-бөлүгүндө "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203459/st-2)
