# КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218 ""Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218 ""Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 203458
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203458>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4494/edition/455205/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203458.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218 ""Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203458

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 18-ноябры № 218

"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203458/st-1)

"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьяда:

тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "адамдарды сатуу - эксплуатациялоо же башка пайда көрүү максатында, анын макулдугу менен же макулдугусуз, мажбурлоо, коркутуу, алдоо, уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган, адамды жалдоо, ташуу, жашыруу, алуу, берүү, сатуу-сатып алуу же башка мыйзамсыз бүтүм;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "адамдарды сатууга каршы күрөшүү - адамдарды сатууну алдын алууга, табууга, болтурбоого, адамдарды сатуунун кесепеттерин минималдаштырууга жана адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси; адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралар; адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды медициналык, психологиялык, социалдык, укуктук, маалыматтык жана башка жактан колдоого алууну камтыган иш-чаралар.".

2. 3-статьянын бешинчи абзацы "даяр экендигине карабастан" деген сөздөрдөн кийин "алардын укуктарын толук урматтоо менен" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 5-статьянын 2-пунктунун сегизинчи абзацынын расмий тилдеги текстинде "и на этой - на основе разработке" деген сөздөр "и на этой основе - разработке" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 7-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. 9-статьянын 9-бөлүгү "даярдоо үчүн" жана "колдонулуп жаткан гуманитардык" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "кесиптик" жана "жалпы билим берүүчү" деген сөздөр менен толукталсын.

6. 21-статьяда:

1-бөлүгү "туугандары" деген сөздөн кийин "же мыйзамдуу өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүгү "анын жеке өтүнүчү" деген сөздөрдөн кийин "же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; 4-бөлүгү "жабыр тарткан адамдын" деген сөздөрдөн кийин "же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.

7. 23-статьянын 1-бөлүгүндө "милдеттүү" деген сөз "укуктуу" деген сөзгө алмаштырылсын; "кызматташууга тартууга" деген сөздөрдөн кийин "жана адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүгө" деген сөздөр менен толукталсын.

8. 27-статьянын 2-бөлүгүндө "камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарына" деген сөздөр "балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча органдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203458/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
