# 9-берене. Демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоодон баш тартуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452#diff=1222653..1222654>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 9-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй учурларда демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:

1) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн маалыматтары анык эмес болгон;

2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамдын долбоору ушул мыйзамдын 4-беренесинде каралган талаптарга ылайык келбеген.

2. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

3. Демилгечи топтун мүчөлөрү каттоодон баш тартууга негиз болуп саналган себептерди жойгондон кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрадан кайрыла алышат.

(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-10)
