# 7-берене. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452#diff=1222653..1222654>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 7-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-7

---

1. Демилгечи топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү демилгесин колдоо үчүн кол топтоого;

2) элдик демилгени ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалыматты мыйзамдуу ыкмалар жана каражаттар менен таркатууга;

3) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн үгүт жүргүзүүгө.

2. Демилгечи топтун мүчөлөрү аны каттоо жөнүндө күбөлүгүн берген учурдан тартып ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төрага жана анын эки орун басары шайланат. Төраганын жана анын орун басарларын шалоо жөнүндө демилгечи топтун жыйналышынын чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага чогулушка төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.

4. Ошондой эле демилгечи топтун төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) демилгечи топтун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарда көрсөтүүгө;

2) демилгечи топтун ишин координациялоого.

5. Демилгечи топтун чогулушунун чечимдери анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-8)
