# 6-берене. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452#diff=1222653..1222654>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 6-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-6

---

1. Элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу максатында жарандардын демилгечи тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкү документтер киргизилет:

1) демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо жөнүндө демилгечи топтун төрагасы кол койгон арыз. Арызда демилгечи топтун аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн;

2) демилгечи топтун аны түзүү жөнүндө, мыйзам долбоорун демилгелөө жана төраганы жана анын эки орун басарын шайлоо жөнүндө чечимдер кабып алынган жыйналышынын протоколу;

3) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жери (туруктуу же убактылуу) көрсөтүлгөн тизмеси;

4) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү;

5) мыйзам долбоорунун тексти кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө;

6) салыштырма таблица (мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген же анын жаңы редакциясы берилген учурда);

7) мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме;

8) жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда);

9) жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл болгон учурда).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5, 6, 7 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн мыйзам долбоору, мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме, салыштырма таблица (мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген же анын жаны редакциясы берилген учурда), жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда), жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл болгон учурда) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мыйзам чыгаруу техникасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык таризделүүгө тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин тизмеси акыркысы болуп саналат.

4. Элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу боюнча демилгечи топту каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.

Демилгечи топтордун реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. Демилгечи топтордун реестри онлайн-форматта жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланат. (КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-7)
