# 5-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу боюнча жарандардын демилгечи тобун түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 5-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдын долбоорун киргизүү жөнүндө сунуш менен чыккан жарандар элдик демилгени ишке ашыруу боюнча курамы кеминде 10 адамдан турган демилгечи топту түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары демилгечи топтун мүчөлөрү боло алат.

2. Демилгечи топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдын долбоорун киргизүү жөнүндө сунуш үчүн кол топтоо, мыйзамдын долбоорун даярдоодо, киргизүүдө, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртып алууда жарандардын кызыкчылыктарын өкүл болуу максатында түзүлөт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-6)
