# 4-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан сунуш кылынуучу мыйзамдын долбооруна карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452#diff=1222653..1222654>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 4-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-4

---

1. Жарандар тарабынан элдик демилге тартибинде сунушталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, конституциялык мыйзамдарына, кодекстерине, мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбөөгө тийиш. Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мыйзам чыгаруу техникасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык таризделет.

2. Мыйзамдын долбоору коштоочу документтери менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында, ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында же республикалык басылмалардын биринде жарыяланат.

(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-5)
