# 16-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзамдын долбоорунун милдеттүү каралышы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 16-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-16

---

1. Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарга ылайык мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү каралууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы тарабынан өзүнүн күчүн жана кароого милдеттүүлүгүн сактайт.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-17)
