# 14-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү мыйзамдын долбооруна карата коюлуучу жалпы талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 14-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-14

---

1. Демилгечи топ мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдардын долбоорлорун киргизүүнүн тартибине коюлган ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарды сактоо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.

2. Мыйзамдын долбооруна демилгечи топтун төрагасы (төрагасынын орун басары) виза коюуга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү мыйзамдын долбооруна демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүгү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген документтер тиркелет.

4. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине демилгечи топтун төрагасы (төрагасынын орун басары) сунуш кылат.

5. Техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду албаганда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзамдын долбооруна киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор демилгечи топ менен макулдашылууга тийиш, мунун өзү демилгечи топтун чогулушунун чечими менен ырасталат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-15)
