# 12-берене. Жарандардын колтамгаларынын аныктыгын текшерүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 12-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кол топтоо аяктагандан кийин отуз күндүк мөөнөттө кол топтоонун тартибинин, кол тамгалардын барактарынын жол-жоболоштурулушун, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп, колтамгалардын аныктыгын текшерет.

Колтамгалардын аныктыгын жана кол коюу барактарында камтылган аларга тийиштүү маалыматтарды текшерүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн чечими менен Аппараттын кызматкерлеринин жана тартылган адистердин ичинен жумушчу топторду түзө алат.

2. Кол коюу барактарындагы маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн натыйжалары боюнча жарандын колтамгасы анык же болбосо анык эмес деп табылат.

3. Кол коюу барактарында камтылган эгерде алар тарабынан атайын ал алып салынышы эскертип айтылбаса, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кол коюу барактарын бергенге чейин кол коюу чогулткан демилгечи топтун мүчөсү тарабынан алынып салынган (чийип салынган) жарандардын колтамгасы жана ага тийиштүү маалыматтар текшерүүгө жана эсепке алууга жатпайт.

4. Жарандардын колтамгасынын аныктыгын текшерүүдө төмөнкүлөр анык эмес койгон кол болуп эсептелет:

1) жок адамдардын атынан коюлган жана анык деп берилген колтамгалар (жалган);

2) шайлоо укугуна ээ болбогон жарандардын колтамгалары;

3) демилгечи топ катталганга чейин топтолгон колтамгалар;

4) топтоого белгиленген мөөнөттү бузуу менен чогултулган колу.

5. Бир эле жарандын бир нече коюлган колтамгасы табылган учурда анын бири гана анык деп саналат.

6. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн кол коюу барактарына жарандардын колтамгалардын топтоонун натыйжалары жөнүндө жумушчу топтун чечими кабыл алынат. Ал чечимде демилгечи топтон кабыл алынган кол коюу барактарында коюлган колтамгалардын анык деп табылган жана анык эмес деп табылган колтамгалардын саны көрсөтүлөт.

7. Жумушчу топтун чечиминин бир нускасы демилгечи топко берилет.

8. Кол коюу барактары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин архивинде сакталууга тийиш.

9. Кол коюу барагынын формасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-10)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-13)
