12-берене. Жарандардын колтамгаларынын аныктыгын текшерүү
Күчүндө · 06.02.2023 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кол топтоо аяктагандан кийин отуз күндүк мөөнөттө кол топтоонун тартибинин, кол тамгалардын барактарынын жол-жоболоштурулушун, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп, колтамгалардын аныктыгын текшерет.
Колтамгалардын аныктыгын жана кол коюу барактарында камтылган аларга тийиштүү маалыматтарды текшерүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн чечими менен Аппараттын кызматкерлеринин жана тартылган адистердин ичинен жумушчу топторду түзө алат.
2. Кол коюу барактарындагы маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн натыйжалары боюнча жарандын колтамгасы анык же болбосо анык эмес деп табылат.
3. Кол коюу барактарында камтылган эгерде алар тарабынан атайын ал алып салынышы эскертип айтылбаса, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кол коюу барактарын бергенге чейин кол коюу чогулткан демилгечи топтун мүчөсү тарабынан алынып салынган (чийип салынган) жарандардын колтамгасы жана ага тийиштүү маалыматтар текшерүүгө жана эсепке алууга жатпайт.
4. Жарандардын колтамгасынын аныктыгын текшерүүдө төмөнкүлөр анык эмес койгон кол болуп эсептелет:
1) жок адамдардын атынан коюлган жана анык деп берилген колтамгалар (жалган);
2) шайлоо укугуна ээ болбогон жарандардын колтамгалары;
3) демилгечи топ катталганга чейин топтолгон колтамгалар;
4) топтоого белгиленген мөөнөттү бузуу менен чогултулган колу.
5. Бир эле жарандын бир нече коюлган колтамгасы табылган учурда анын бири гана анык деп саналат.
6. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн кол коюу барактарына жарандардын колтамгалардын топтоонун натыйжалары жөнүндө жумушчу топтун чечими кабыл алынат. Ал чечимде демилгечи топтон кабыл алынган кол коюу барактарында коюлган колтамгалардын анык деп табылган жана анык эмес деп табылган колтамгалардын саны көрсөтүлөт.
7. Жумушчу топтун чечиминин бир нускасы демилгечи топко берилет.
8. Кол коюу барактары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин архивинде сакталууга тийиш.
9. Кол коюу барагынын формасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 06.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 283-VIII "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын…Постановление · 12.03.2026 · № 283-VIII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3476-VI "Кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана…Постановление · 26.12.2019 · № 3476-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3476-VI "Кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана…Постановление · 26.12.2019 · № 3476-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябры № 644 "Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын толтуруунун, кол коюу барагындагы…Постановление · 25.09.2012 · № 644 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203452/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>