# 11-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203452)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 212 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112503)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112503); 31.03.2016 [Закон КР от 31 марта 2016 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111310)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452#diff=1222653..1222654>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4488/edition/1222652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203452/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, 11-берене (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу (мындан ары - элдик демилге) Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдик берилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жаткан мыйзам долбоорлорун ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте эркин жана ыктыярдуу киргизүү укугу болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасында элдик демилге төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга;

2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча кеминде 300 миң шайлоочуларга.

Караңыз! Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүү укугун караган ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун Жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет

3. Элдик демилгени жүзөгө ашырууда мыйзам менен белгиленген тартипте жөндөмсүз деп табылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жайларда кармалган жарандар катыша албайт.

4. Элдик демилге тартибинде мамлекеттик чек араны өзгөртүүгө, республикалык бюджетти түзүүгө, мунапыс жана ырайым кылуу, эл аралык мамилелер, согуш же өзгөчө абал киргизүү маселелерин мыйзам долбоорлору киргизиле албайт.

Конституциялык мыйзамдар менен белгилүү чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салууга багытталган мыйзамдардын долбоорлоруна элдик демилге тартибинде демилге киргизүү боюнча башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн. (КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31, 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203452/st-2)
