11-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу
Күчүндө · 06.02.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу (мындан ары - элдик демилге) Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдик берилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жаткан мыйзам долбоорлорун ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте эркин жана ыктыярдуу киргизүү укугу болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында элдик демилге төмөнкүлөргө таандык:
1) 10 миң шайлоочуга;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча кеминде 300 миң шайлоочуларга.
Караңыз! Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүү укугун караган ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун Жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет
3. Элдик демилгени жүзөгө ашырууда мыйзам менен белгиленген тартипте жөндөмсүз деп табылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жайларда кармалган жарандар катыша албайт.
4. Элдик демилге тартибинде мамлекеттик чек араны өзгөртүүгө, республикалык бюджетти түзүүгө, мунапыс жана ырайым кылуу, эл аралык мамилелер, согуш же өзгөчө абал киргизүү маселелерин мыйзам долбоорлору киргизиле албайт.
Конституциялык мыйзамдар менен белгилүү чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салууга багытталган мыйзамдардын долбоорлоруна элдик демилге тартибинде демилге киргизүү боюнча башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн. (КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31, 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 марта 2016 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу 1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу (мындан ары - элдик демилге) Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдик берилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жаткан мыйзам долбоорлорун ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте эркин жана ыктыярдуу киргизүү укугу болуп саналат. 2. Кыргыз Республикасында элдик демилге төмөнкүлөргө таандык: 1) 10 миң шайлоочуга; 2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча кеминде 300 миң шайлоочуларга. Караңыз! Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүү укугун караган ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун Жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет 3. Элдик демилгени жүзөгө ашырууда мыйзам менен белгиленген тартипте жөндөмсүз деп табылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жайларда кармалган жарандар катыша албайт. 4. Элдик демилге тартибинде мамлекеттик чек араны өзгөртүүгө, республикалык бюджетти түзүүгө, мунапыс жана ырайым кылуу, эл аралык мамилелер, согуш же өзгөчө абал киргизүү маселелерин мыйзам долбоорлору киргизиле албайт. Конституциялык мыйзамдар менен белгилүү чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салууга багытталган мыйзамдардын долбоорлоруна элдик демилге тартибинде демилге киргизүү боюнча башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн. (КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31, 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн электрондук кол коюу барагын толтуруу тартиби (КР Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы №…Порядок · 12.03.2026 · № 283-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 689-VIII «Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын…Постановление · 25.06.2026 · № 689-VIII
Беренеде аталган актылар (1)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 30.05.1998 · № 70 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203452/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>