1-берене
Күчүндө · 12.11.2011 редакциясы
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 394-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьяда:
1-бөлүктүн жетинчи абзацындагы "коммуналдык" деген сөз алып салынсын: 2-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул учурларда республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик органдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп саналат.".
2. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "квартиралардын ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган," деген сөздөр "жайлардын ээлеринин жалпы мүлкү болуп саналган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 12.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203445/st-1" title="1-берене - "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>