# Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206 ""Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206 ""Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4482/edition/455181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206 ""Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203445

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 12-ноябры № 206

"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203445/st-1)

"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 394-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 5-статьяда:

1-бөлүктүн жетинчи абзацындагы "коммуналдык" деген сөз алып салынсын: 2-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул учурларда республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик органдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп саналат.".

2. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "квартиралардын ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган," деген сөздөр "жайлардын ээлеринин жалпы мүлкү болуп саналган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203445/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
