# КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203442>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4479/edition/455175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203442.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (10.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203442

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 10-ноябры № 203

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203442/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. Преамбуланын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Мыйзам менен аскер кызматы белгиленген мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жайылтылат.".

2. 36-пункт "көлөмүндө" деген сөздөн кийин ", ысымы жазылган ок атуучу курал менен сыйлоону албаганда," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203442/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
